Түрекстан аймагындагы эски көрүстөндөн абдан баалуу калдыктар табылды. Археологдор Ордабасы районунда изилдөө иштерин жүргүзүп, мурда эч ким көрбөгөн тарыхый экспонаттарга туш болушту. Тактап айтканда, Хань дооруна таандык коло күзгү, Рим империясында колдонулган төөнөгүч, сөйкө, чоң шурулар, куштарга аңчылык үчүн атайын жасалган жебе табылган. Адистердин айтымында, археологиялык жердин 2 миң жылдан ашык тарыхы бар. Мунун негизинде бул Каңлы дооруна таандык деген божомол айтылууда. Археологдор тапкан зер буюмдары аны түзүү технологиясы менен өзгөчөлөнөт. Ачакей түрүндөгү алтын сөйкөлөр асыл таштар менен кооздолуп, турмуш-тиричилик буюмдары коло менен капталган. Ошондуктан бул уникалдуу экспонаттар Каңлы доорунун маданияты менен дагы бир жолу таанышууга жол ачты.
Александр Подушкин, Ө. Жанибеков атындагы ОКПУ профессору:
– Табылган эки сөйкө зергерчилик өнөрүнүн уникалдуу үлгүлөрү болуп саналат. Каңлы мамлекетине таандык деп айта алам. Анткени ал кездеги маданиятта дал ушундай алтындар колдонулган. Ал сармат-каңлы дооруна таандык. Дал ушундай технологиялар батыш өлкөлөрүндө Грекия шаарларында жана кийинки Рим империясында колдонулган. Бирок алар биздин талаада табылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков