Казакстанда быйылкы
айдап-себүү өнөктүгүнө даярдык күчөтүлүүдө. Жаңы айыл чарба сезонунда өлкө
боюнча айдоо аянты 24 миллион гектарды түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу 180
миң гектарга көп. Ошол эле учурда, эгин структурасын диверсификациялоо уланууда
- дан эгиндеринин аянты 16 миллион гектарга, анын ичинде буудай - 100 миң
гектарга чейин кыскарат. Ал эми жүгөрү жана май өсүмдүктөрүнүн аянты 55 миң
гектарга көбөйтүлөт. Айдоо өнөктүгүн туруктуу өткөрүү үчүн аграрийлерге
жеңилдетилген каржылоо жана ресурстар менен алдын ала колдоо көрсөтүлүүдө. Ушул
кезге чейин эле 240 миллиард теңгеден ашык суммага 1700гө жакын насыялык арыз
берилди, ал эми арзандатылган дизель майын бирдин айында жеткирүү
пландаштырылууда. Башкы максат - климаттык шарттарды жана ресурстарды
рационалдуу пайдаланууну эске алуу менен айдап-себүү өнөктүгүн оптималдуу
мөөнөттө өткөрүү болуп саналат. Айыл чарба, суу ресурстары жана ирригация
министрликтеринин алдына заманбап сугат жана сугаруу ыкмаларын колдонуу менен
айыл чарба жерлерин пайдалануунун так планын иштеп чыгуу милдети коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

