Казакстан
аймактык криптохаб катары позициясын бекемдөөдө. Жасалма интеллект жана
санариптик өнүктүрүү министрлигинен белгилешкендей, калыптанган жөнгө салуучу
база жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ачык диалог өлкөгө эл аралык
компанияларды тартууга жана жаңы технологиялык долбоорлорду ишке киргизүүгө
өбөлгө түзүүдө. Мындан тышкары, Казакстан мыйзамдуу рыноктук
инфраструктураны өнүктүрүүдө. Бугу айынын 1нен тартып, крипто-биржаларды лицензиялоодон кийин, криптовалюта банктар,
финтех компаниялары жана төлөм кызматтары аркылуу каржы системасына акырындык
менен интеграцияланып келет. Бүгүнкү күндө Астана эл аралык каржы борборунда
крипто-биржалар жана санариптик активдерди берүүчүлөрдү кошо алганда, 30дан
ашык лицензияланган компаниялар иштейт. Борбордун өзү санариптик активдерди
жөнгө салуу боюнча эл аралык стандарттарды ишке ашырууда дүйнөлүк лидерге
айланды.
Алтай Слямов, AЭКбнын
каржылык технологияларды
жөнгө салуучу комитетине караштуу финансылык технологиялар департаментинин мүдүрү:
– Бүгүнкү күндө Казакстанда өз ордун ээлөөнү
каалаган дүйнөлүк оюнчулардын кызыгуусу абдан чоң. АЭКБга кирүү жана
лицензия алуу менен, өз платформаларында соода көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи
жана экинчи орунда турган Binance жана Bybit сыяктуу глобалдык оюнчулар
Казакстанда жергиликтүү катышууга ээ болушту. Башка биржалар жана инфраструктуралык оюнчулар да биздин
аймакка кирүүгө абдан кызыкдар
Серепчилердин баамында, токендик активдер рыногу алдыдагы жылдары дүйнөлүк экономиканын эң тез өнүгүп жаткан сегменттеринин бирине айланышы мүмкүн. Казакстанда буга чейин эле зарыл болгон укуктук база, өнүккөн каржылык инфраструктура жана эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттар бар. Андан тышкары, президент Касым-Жомарт Токаев жакында Азиядагы биринчи крипто шаары - Алатау түзүлөрүн жарыялады. Мунун баары өлкөнүн глобалдык санариптик активдер рыногунда көрүнүктүү орунду ээлөөгө өбөлгө түзөт.
Талгат
Досанов, Intebix, Solana криптокомпаниясынын өкүлү:
– Санариптик активдерди токендештирүү беш жылдын ичинде 30 триллион долларга барабар болот. Бул дүйнөлүк ИДӨдүн 10% түзөт. Казакстан бул жаатта лидер болууга толук мүмкүнчүлүккө ээ, анткени бизде мыйзам чыгаруу базасы, бүтүндөй мезгилдик таблица жана криптовалюта менен иштеген банк системасы бар. Мунун баары азыр туура интеграцияланып, эл аралык жана казакстандык инвесторлорго туура көрсөтүлүшү керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

