Кызылорда облусунда жаңыдан суу сактагычы менен каналдар курулат

Кызылорда облусунда жаңыдан суу сактагычы менен каналдар курулат

Казакстанда жаңы суу сактагыч жана каналдар курулат. Ага ылайыктуу делип  Кызылорда облусу тандалып жатат. Тармактык министрликтин маалыматына караганда, анда 2 гидротүйүн жана 4 гидротехникалык курулма реконструкцияланат. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аймакта суу топтоочу станцияларды модернизациялоо долбоору ишке ашырылууда. Мында узундугу 232 чакырымды түзгөн беш каналда сууну эсепке алуунун автоматташтырылган системасы орнотулат. Бул ресурстарды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана башкарууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, дагы 16 магистралдык жана чарбалар аралык каналдарды автоматташтыруу үчүн долбоордук - сметалык документтер иштелип чыгууда. Ошондой эле облуста сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча иштер улантылууда. Алардын жардамы менен өткөн жылы дыйкандар 200 миллион кубометрге жакын сууну үнөмдөшкөн. 

Галымжан Камбарбеков, суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу башкармалыгынын башкы серепчиси: 

- Коңшу өлкөлөр менен эки тараптуу жана үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана кабыл алынган чечимдердин натыйжасында 2024-жылы Шардара суу сактагычына 15 млрд куб метрден ашык суу келди. Алардын ичинен 4,8 млрд кубометр сугат мезгилинде, ал эми 10,3 млрд кубометр вегетация аралык мезгилде жыйналды. Түндүк аралга 2,6 миллиард кубометр суу жиберилди. Салыштыруу үчүн, 2022-жылы аралга 816 миллион кубометр суу жиберилди.  

Белгилей кетсек, Кызылордо облусунда жана Казакстандын дагы 8 облусунда гидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоо жана башкаруу боюнча жаңы уюмдар түзүлгөн. Азыр өлкөдө мындай 15 гана мекеме бар. Алар суу индустриясынын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков