Конституция - бул өлкөнүн ондогон жылдарга алдыга жылуу траекториясын
аныктаган документ. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри өкмөттүн
жыйынында билдирди. Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында теке айынын 1нен
баштап күчүнө кирген өлкөнүн Жаңы Баш мыйзамын сапаттуу ишке ашырууну камсыз
кылуу боюнча чаралар каралды. Ал бул кадам мамлекеттик жана коомдук
институттарды толугу менен жаңылоо кадамы башталганын белгиледи.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-Министри:
– Баш мыйзамды кабыл алуу
Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин жетекчилиги астында өлкөнү жаңы
модернизациялоо этабына жарандардын кеңири колдоо көрсөткөндүгүнүн күбөсү. Жаңы
Конституция прогрессивдүү өнүгүү үчүн бекем институционалдык негизди түзөт, ал
экономикалык көрсөткүчтөр менен гана өлчөнбөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

