Казакстанда аба түйүндөрү менен чакан авиация тармактары өнүгөт

Казакстанда аба түйүндөрү менен чакан авиация тармактары өнүгөт

Казакстанда аба түйүндөрү жана чакан авиация тармактары өнүгөт. Алардын бири өлкөдөгү курорттук борборлорго кирүүнү ыңгайлуу кылууга багытталса, экинчиси жакынкы 4 жылда аба аркылуу жүк ташуу көлөмүн эки эсеге көбөйтүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө жылдык көрсөткүч 150 миң тонна көлөмүндө. Мамлекет башчысы Казакстан элине кайрылуусунда ата мекендик аэропорттордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Транспорт министрлигинде бул багыттагы иштер башталганы маалымдалды. Президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча дагы бир катар иш-чаралар даярдалды. Бул бардык процесстерди санариптештирүү, бажы режимин жөнөкөйлөштүрүү, аэропорттордо эркин экономикалык аймактарды түзүү, ошондой эле авиациялык күйүүчү майларды өндүрүү темпин жогорулатуу жана аны жүк ташуучу каттамдар үчүн жеткиликтүү кылуу.

Талгат Ластаев, Транспорт вице-министри:

– Биз зарыл болгон максаттарга жетүү үчүн бардык ушул комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Биз бул багытта ишти баштадык. Ошондой эле ички каттамдардын санын көбөйтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Бүгүнкү күндө бул каттамдардын саны көбөйүп жатканын көрүп жатабыз. Жыл сайын биздин ички жүк ташуунун көлөмү 20%га өсүүдө. Тактап айтканда, туристтик аймактарга каттамдардын санын көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Алар: Алакөл, Балкаш, Щучинск-Бурабай аймагы жана Каспий деңизинин жээги. Ал үчүн субсидияланган каттамдардын санын көбөйтөбүз. Бүгүнкү күндө алардын саны 19.

Которгон: Илгиз Жамалбеков