Түркия менен Казакстан ортосунда жүк көлөмү артат

Казакстан менен Түркиянын өз ара алыш-бериш темпи артат. Сенат ушул максаттагы тараптардын келишимин кабыл алды. Бул документ эки мамлекет ортосунда жүктөрдү өткөрүү менен кабыл алуу тартибин жеңилдетип, транзиттик дараметти кеңейтүүгө багытталган. Буга байланыштуу биргелешкен аракеттердин чаралары жана эл аралык ташуу шарттары айкындалды. Мисалы, өлкөлөрдү бириктирген темир жол тилкелеринде эл аралык контейнердик блок-поезддер үчүн тиешелүү транзиттик кызматтарды көрсөтүү каралган. Бүгүнкү күндө тараптар негизинен Каспий деңизинде туруктуу жол-паромдук операциялары жүзөгө ашырат. Жалпысынан жогоруда аталган келишим транспорттун бардык түрлөрү менен жүктөрдү жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө жол ачат.

 

Алибек Наутиев, Парламент Сенатынын депутаты:

- Жүк ташуу менен алектенген ишканалардын саны да көбөйөт. Транскаспий эл аралык транспорт багытынын дарамети абдан чоң. Буга байланыштуу Актау жана Курык деңиз порттору аркылуу жүк ташуу, андан ары «Баку-Тбилиси-Карс» темир жол линиясы боюнча жүктөрдү ташуу иштери улантылат. Макулдашууну ишке ашыруунун бардык маселелерин жөнгө салуу максатында Транспортту өнүктүрүү боюнча биргелешкен комитет түзүлөт.

 

Түркия - Казакстандын маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Алдыдагы убакытта өз ара товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү көздөлүүдө. Бүгүнкү күндө соода көлөмү 6 миллиард долларды түзөт. Анын басымдуу бөлүгү казакстандык экспорттун үлүшүнө тиешелүү. Бүгүнкү күнгө чейин экономикага тартылган түркиялык түз капиталдын агымы 5 миллиард долларга жакындаган.