Казакстан илимине жеке капиталын салган инвесторлорго ар кандай салыктык жеңилдиктер берилет. Мажилис ата мекендик изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча мыйзамды жана ага кошумча документти кабыл алды. Ал илимий-техникалык багыттагы мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин өркүндөтүүнү камтыйт. Ошондой эле, документте тармакты башкаруунун моделин өркүндөтүү, Илимдер академиясынын укуктук макамын аныктоо, Илим фондунун ишин жөнгө салууга байланыштуу тиешелүү ченемдер аныкталган. Депутаттар тармакты каржылоо механизмдерин бекитүү жагын да эске алган.
Тансауле Сериков, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Мыйзам долбоорлору менен иштөөнүн жүрүшүндө депутаттар
төмөнкүдөй түзөтүүлөрдү киргизишти. Изилдөө университетинин макамын берүүнүн
тартибин жөнгө салуу, илимий-изилдөө иштерине жумшалган каражаттардын 100%
салыктык чегерүү катары киргизүү сунушталат. Жеке компаниялар үчүн тажрыйбалык
конструкторлук иштерге жумшалган чыгашалар боюнча салык салынуучу сумманы 50%
кыскартуу сунушталууда.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков