Актөбеде үйлөрдү куруу иштери башталды

Актөбеде үйлөрдү куруу иштери башталды

Казакстандын аймактарында суу каптоодон жабыркагандарга үйлөр курула баштады. Ошентип, Актөбе облусунда 595 жаңы үй куруу мерчемделип жатат. Кобда айылында 70 үйдүн пайдубалы даяр болду. Бул жерде бардыгы болуп 150 имарат куруу мерчемделген. Райондун жашоочулары келтирилген зыяндын ордуна компенсация алышууда.

 

Гульбагда Кобеева, Актөбе облусунун акиминин маалымат катчысы:

- Суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Селден жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө. 1881 адам 613 миллион теңгеден ашык бир жолку социалдык төлөм алды. Атайын комиссиянын чечими менен 215 үй-бүлөгө 433 миллион 284 миң теңге материалдык чыгым төлөнүп берилди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков