Казакстанда «Баатырларга таазим» веб-порталы ишке кошулду

Казакстанда «Баатырларга таазим» веб-порталы ишке кошулду

Казакстандык ардагерлер тиешелүү маалыматтарды эми электрондук варианттан табууга болот. Өлкөдө миңдеген жоокерлердин тагдыры менен тарыхын бириктирген «баатырларга таазим» веб-порталы ишке кирди. Бүгүнкү күндө санарип платформасына 678 миңден ашуун ардагердин документтери, каттары жана сүрөттөрү жүктөлгөн. Алардын ичинен Советтер Союзунун 365 баатырынын жана Даңк орденинин 19 кавалеринин маалыматтары киргизилген. Бул маалымат базасын казакстандыктар дагы толукташы мүмкүн. Кайрылуулар атайын комиссия тарабынан каралат. Долбоордун авторлору күнүнө согушка катышкан атамекендик жоокерлер тууралуу жүздөн ашык анкета келип түшкөнүн айтышат. 

Сагила Нурланова, Улуттук архивдин мүдүрү: 

- Орусияда «элдин эсинде» деген порталы бар. Биз ал жерге расмий кат жөнөттүк. Алардын уруксаты менен биз бул порталга бардык казакстандыктардын маалыматтарын жүктөп беребиз. Бул системалуу иш болот. Биздин архивде кол-борбор бар. Бир бөлүм толугу менен ушул портал менен алектенет. Күн сайын чалуулар аркылуу келип түшкөн суроолорго жооп беребиз. Бардык казакстандыктарга көрсөтмө жардам көрсөтүп жатабыз.  

Ошондой эле, порталда концлагерлерде калган казакстандык согушкерлер тууралуу маалыматтар жарыяланат. Бүгүнкү күндө алардын тизмеси калыптанууда. Азырынча 6 миңден ашуун согуш туткундары тууралуу маалыматтар чогултулду. Ошентип, Канат Сүйиндыков согуш талаасында, туткунда жүргөн атасы жазган дептерин Улуттук архивге өткөрүп берди. Анда күнүмдүк аскердик хроника гана эмес, согуштан кийинки жашоо жөнүндө айрым маалыматтар сакталган.  

Канат Сүйиндиков, ардагердин уулу: 

- Жазмаларын окуп, китеп кылып чыгардык. Бул Австрияда башталган жана Магадандан Аягозго кайтып келгенге чейинки жолду айткан атамдын окуялары. Аларда анын башынан өткөргөн кыйынчылыктары, туткун тууралуу баяны, кайсы жылдары жана кайсы жерлерде болгондугу, кайсы лагерлерде жана австриялык лагердеги эскерүүлөрү бар. Ар бир сөздүн артында муундарга үлгү боло турган эрдиктин жана туруктуулуктун чыныгы үлгүсү бар.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков