Жеке менчик жана анын кол тийбестиги туруктуу мамлекеттин негизги компоненти болуп саналат. Бул жобо Казакстандын жаңы Конституциясында бекитилген. Ал мүлктү коргоого кепилдик берет, ал эми аны алып коюу же чектөө менен байланышкан бардык маселелер сот тартибинде гана чечилет. Андан сырткары, Мажилистин депутаты Айдарбек Ходжаназаров белгилегендей, жарандар конституциялык укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда түз Конституциялык сотко кайрыла алышат. Бул мүлктү коргоо үчүн кошумча кепилдиктерди түзөт. Парламент өкүлүнүн айтымында, бул жобо Казакстандагы бизнести жана инвестициялык климатты туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө маанилүү.
Айдарбек Ходжаназаров, парламент мажилисинин депутаты:
– Биздин өлкөгө инвестиция салууну каалаган казакстандык же чет элдик инвесторлор болобу, алардын мүлкү жана салган каражаттары коопсуздукта экенин, өлкөбүздүн башкы мыйзамы менен корголоорун так түшүнүшү керек. Ошондуктан Конституциядагы бул жобо өлкөбүздүн өнүгүшүнө, анын экономикалык жактан күчтүү, туруктуу мамлекет болуп чыгышына эң маанилүү жоболордун бири деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

