Казакстанда соттун санариптик жардамчысын ишке киргизүү аяктап жатат

Казакстанда соттун санариптик жардамчысын ишке киргизүү аяктап жатат

Казакстанда соттор үчүн жасалма интеллект жардамчысын киргизүү аяктап баратат. Система Астана, Жамбыл, Караганды жана Мангыстау облустарынын сотторунда сыноодон өттү. Ал соттун ордун баспай, аналитикалык функцияларды аткарат – казак жана орус тилдериндеги документтер менен иштейт, доо арызды структуралоого, сот практикасын изилдөөгө жана окшош чечимдердин негизинде ишти мүмкүн болгон жыйынтыгын болжолдоого жардам берет. Жасалма интеллект жардамчысынын мүмкүнчүлүктөрү жаңыртылды. Мурда система болжол менен 4 миллион маалымат бирдигин иштете алса, азыр 15 миллионго чейин иштетип, бир эле учурда миңге чейинки суроо-талаптарды аткара алат. Жарандык процесстерде ийгиликтүү колдонулгандан кийин, жасалма интеллект технологиялары административдик сот өндүрүшү системасына да киргизилип жатат.

Арман Мусаев, Сот администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары:

– Биз судьялар үчүн санариптик жардамчы сервисин бир жарым жылдан бери колдонуп келебиз. Долбоор ишке киргенден бери тараптарды элдештирүү алкагында судьялар караган иштердин саны кыйла көбөйдү. Ал судьяларга иштерди изилдөөдө, окшош иштер тууралуу маалымат алууда чоң жардам берет. Санариптик жардамчы судьяны алмаштырбайт, болгону ага иштерди ыкчам жана сапаттуу кароого жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков