Казакстан өзүнүн транспорттук-логистикалык дараметин кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Серепчилердин айтымында, орто мөөнөттүү келечекте өлкө аркылуу кытай жүктөрүн алмаштырып жеткирүү дароо 5 эсеге көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу талдоочулар экспортчулардын экинчи форумунда жана Казакстан менен Кытайдын Сычуань провинциясынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча конференцияда белгилешти. Иш-чаранын алкагында эки тараптын ишкерлери 165 миллион долларлык жүк ташуу боюнча келишимге кол коюшту. Белгилей кетсек, Казакстан КЭРдагы эң чоң провинцияларынын бири менен соода алмашууну мындан ары да жогорулатууну пландап жатат. Бүгүнкү күндө Сычуань менен соода жүгүртүү 230 миллион долларды түзөт. Анын 45 миллион доллары Казакстандын экспортунун үлүшүнө туура келет. Деген менен провинция ата мекендик май, дан, суусундуктар, кондитердик азыктар жана башка товарларга кызыгуучулук таанытып жатат. Кошумчалай кетсек, жакында Сычуанда QazTrade соода өкүлчүлүгү иштей баштайт. Экспорттук оператор ата мекендик ишканалар менен КЭРнын компаниялар арасындагы байланыштыруучу мекеменин ролун аткарат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков