Президент Улуттук тынчтыкты орнотуу контингентинин аскер кызматкерлери менен жолугушту

Президент Улуттук тынчтыкты орнотуу контингентинин аскер кызматкерлери менен жолугушту

Мамлекет башчысы Улуттук тынчтыкты орнотуучу контингенттин аскер кызматкерлери менен жолугушту. Президент өлкөгө жүктөлгөн милдеттерди жогорку деңгээлде аткарган аскер кызматкерлери эрдиктин жана батылдыктын алдыңкы үлгүсүн көрсөтүшкөнүн, анын аркасында улуттук армиянын, жалпы мамлекеттин кадыр-баркы жогорулагандыгын белгиледи. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү 2014-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүнө салым кошуп келет. 80 жаран байкоочу жана штаб офицери катары бир нече миссияларга, ал эми 700гө жакын аскер БУУнун атайын операцияларына катышты. Азыр өлкөнүн 158 жараны Африка жана жакынкы Чыгыш аймагында тынчтык орнотуу кызматында. Президент кыска убакыттын ичинде аскер кызматкерлерин ар кандай көндүмдөргө адаптациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга ылайык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча сапаттуу иштер аткарылганын баса белгиледи. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Бул аскерлерибиздин татаал тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү экендигин көрсөтүп турат. Сиздер Сирия каатчылыгынын чечүүчү учурунда батыл иш-аракет жасадыңыздар. Казакстан армиясынын жогорку кесипкөй деңгээлде экендигин далилдеп юердиңиздер.  Ошол күндөрү бүт дүйнө казак жоокеринин бийик рухуна жана кайраттуулугуна күбө болду. Сиздер кооптуу аймактарда иштеп, эрдик көрсөтүп, чоң тажрыйба топтодуңуздар. Эми бул тажрыйба менен бөлүшүп, башка аскер кызматкерлерди үйрөтүү кажет.

Мамлекет биринчи жолу тынчтыкты сактоо милдетин өз алдынча аткарууга киришти. Голан дөнсөөлөрүндө операциясынын алкагында Бириккен Улуттар Уюму менен болгон мамиле жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Өлкө келечекте уюмдун ичиндеги башка миссияларга катышууну көздөөдө. Ошентип, Казакстан жер жүзүндө тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө жардам берет. Жолугушууда президент Голан кырка тоолорунда тынчтыкты сактоо миссиясын ишке ашырууда көрсөткөн аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн аскер кызматкерлеринин тобун мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков