Алматыга жакын жерде Борбор Азиядагы биринчи жана эң ири
индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Анын кубаттуулугу жылына 500 миң
контейнерди түзүп, жалпы жүк ташуу көлөмү 5 миллион тоннага жетет. Бул долбоор
аймак мамлекеттери жана КЭР менен жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү максатында ишке
ашырылууда. Анын үстүнө Кытай менен чек арага жакын жайгашкандыктан анын
көптөгөн артыкчылыктары бар. Бул тууралуу өкмөт башчынын Алматы облусунун
транспорт-логистикалык жана өнөр жай дарамети менен болгон жолугушуусунда
белгилүү болду. Олжас Бектенов экспортко ыңгайлаштырылган жана импортту
алмаштырууга багытталган бир нече объектилердин иши менен таанышты. Алардын
арасында балык чарба комплекси бар. Анын кубаттуулугун 10 эсеге жогорулатуу мерчемделип
жатат. Премьер-министр өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо башкы максат
экенин белгиледи. Өлкө бул категориядагы бардык товарлар менен өзүн-өзү камсыз
кылууга тийиш. Мындан тышкары Олжас Бектенов өнөр жай аймактарында иштеп жаткан
ишканалардын иши менен да таанышты. Өкмөт башчы «Бент» темир-бетон буюмдарын
чыгаруунун технологиялык комплексине, «ТехноНиколь – Борбор Азия» жана
«Шин-Лайн» балмуздактарын өндүрүүнүн технологиялык процессине байкоо салды.
Динмуахмет Күзеев, «БЕНТ» компаниясынын
президенти:
-Биз өлкөгө эле эмес, Орусиядан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен
биринчилерден болуп темир-бетон аралаш жана темир жолго түз туташтырылган
таянычты жасап чыгарабыз. Ал толугу менен казакстандык компоненттерден куралган.
Андрей Шин, «Шин-Лайн» компаниясынын президенти:
-Бүгүнкү күндө биз өз өнүмүбүздү Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнө
экспорттоп жатабыз. Алдыдагы убакытта биз Түштүк-Чыгыш Азия менен Перс
булуңунун базарларына чыгууну пландап жатабыз. Биздин алдыбызда ушундай чоң
максат турат. Азыр дүйнөдөгү бардык балмуздак өндүрүүчүлөрдүн арасында
36-орунга жеттик. Бирок, биз муну менен токтоп калбайбыз. Жакын арада бул
рейтингде алдыңкы ондукка киребиз деп үмүттөнөбүз. Эми балмуздак өндүрүүнүн
көлөмү 20 миң тонна болсо, бул көрсөткүчтү 5 эсеге көбөйтөбүз деп жатабыз.
Белгилей
кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4 айында Алматы облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн
көлөмү 3%га өскөн. Ал эми өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бул
көрсөткүч 573 миллиард теңгеден ашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков