Теннисчилер Билли Джин Кинг кубогуна даярданууда

Теннис боюнча Казакстандын аялдар курамасы «Билли Джин Кинг» Кубогунун тандоо турунда мелдешин улантат. Казакстандыктар финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн Жапония курамасы менен беттешет. Чын куран айынын 12-13 күндөрү өтө турган бул оюндар дүйнөлүк чемпионатка тандоо болуп саналат. Ал Испаниянын Севилья шаарында өтөт. Учурда теннисчилер кызуу машыгып жатат. Команда курамында - Юлия Путинцева, Зарина Диас, Анна Данилина, Жибек Куламбаева жана Аружан Сагындыкова өлкө намысын коргойт. Белгилей кетсек, команданын мыкты оюнчусу Елена Рыбакина Токиодо оюн талаасына чыкпайт. Команданын машыктыруучулар штабы Казакстандын биринчи номери бар күчүн Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына жумшаганы туура деп чечкен. Ошентип, Рыбакина 4 жылдыктын негизги спорттук мелдешине даярдык көрүү планын түзөт. Жапонияда корт ээлери менен беттешүүдө команданын лидери катары Юлия Путинцева чыгат.

 

Юлия Путинцева, Теннис боюнча Казакстан аялдар курамасынын мүчөсү:

- Мен керек болсо ар дайым биринчи, экинчи же үчүнчү болуп ойноого даярмын. Биздин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү деп ойлойм. Ошону гана колдонсок болду. Ар бир оюнда жеңишке жетүүгө болот.

 

Жибек Куламбаева, Теннис боюнча Казакстан аялдар курамасынын мүчөсү:

- Албетте, биз жеңиш үчүн гана ойнойбуз. Себеби, биз командалык мелдеште өлкө намысын коргойбуз. Ошондуктан оюндарга болгон күчүбүздү жумшап, аягына чейин турабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков