Казакстан менен Түркмөнстан өз ара инвестицияларды арттыруу
жана коргоо жаатында кызматташат. Парламент Сенаты эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн
ортосундагы тиешелүү келишимди жактырды. Документ Казакстан менен
Түркмөнстандын инвесторлору үчүн туруктуу жана болжолдуу шарттарды түзүүгө
багытталган. Келишим эл аралык арбитражга жетүү жана чет элдик инвестицияларга
адилеттүү мамиле кылуу сыяктуу маанилүү маселелерди бекитет. Ошондой эле, анда
артыкчылыктуу багыттардын бири катары энергетика тармагындагы кызматташтыктын
алкагын кеңейтүү каралган. Казакстан тарабы өнөктөш мамлекеттеги газконденсат кендерин
өздөштүрүү жана куур инфраструктурасын кеңейтүү долбоорлоруна катышууга даяр
экенин билдирди. Бул жаатта, «QazaqGaz» компаниясы менен «Түркмөнгаз»
мамлекеттик концернинин ортосунда өзүнчө келишимге кол коюлду. Белгилей кетсек,
атамекендик инвесторлор Түркмөнстандын экономикасына 16 млн доллардан ашык
каражат салды, ал эми эки тараптуу товар жүгүртүү былтыр 555 млн долларга
жетти. Жаңы келишим экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Амангелди Нугманов, Парламент
Сенатынын мүчөсү:
- Бул мыйзам экономиканын бардык
тармактарындагы инвестициялык процесстерди - мамлекеттик да, жеке сектордогу да
инвестицияларды колдоону жана аларды коргоону камсыз кылуучу негизги укуктук
акт. Бул - кош мамлекеттин бизнес коомдоштуктарынын кызыкчылыктарын коргоо
боюнча мамлекеттер аралык деңгээлде биринчи жолу конкреттүү кепилдиктерди жана
милдеттенмелерди бекиткен уникалдуу жана маанилүү документ.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

