Голан дөңсөөлөрүндө Казакстандын желеги көтөрүлдү

Голан дөңсөөлөрүндөгү Фауар бейпилдик базасында салтанаттуу түрдө Казакстандын желеги көтөрүлдү. Эске сала кетсек, БУУнун миссиясынын мандатына ылайык, 139 казакстандык каршылашкан тараптардын ортосунда атышууну токтотуу режимин сактоого катышат. Тынчтык күчтөрү жоопкерчилик аймагында күзөт, блок-бекеттерди кайтаруу жана жарылуу кооптуулугу бар заттарды тазалоо милдеттерин аткарышат. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо миссиясын өз алдынча аткарууга мандат алуусу -  өлкө аскер кызматкерлеринин даярдыгынын жогорку деңгээлин жана дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын таануунун далили.

 

Жигер Аипов, Улуттук тынчтык орнотуучулар контингентинин командири:

- Бүгүн Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 32 жылдыгына карата Сирия Араб Республикасындагы Голан дөңсөөлөрүндө Казакстандын Улуттук тынчтыкты сактоо контингенти мамлекеттик тууну миссия аткарылып жаткан жерде көтөрүү иш-чарасын жүргүздү.  Бул биздин өлкө үчүн тарыхый учур жана жеке курам үчүн чоң жоопкерчилик.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков