Улуу Британиядан Казакстан тарыхына байланыштуу баалуу маалыматтар табылды

Казакстандын тарыхынан кабар берген  жана мурда белгисиз болгон китептер менен өтө баалуу кол жазмалар Улуу Британиядан табылды. Улуттук кол жазмалар жана сейрек китептер борборунун адистери 15 кол жазма, 500гө жакын архивдик документтерди аныктады. Алардын арасында байыркы түрк окумуштууларынын илимий эмгектери жана дүйнөнүн экинчи мугалими – Абу Наср аль-Фараби тууралуу маалыматтар бар.

Жандос Болдыков, Кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун мүдүрү:

- Биз 4 мекемеде иштедик. Ал: Манчестердеги Джон Райлендс китепканасы, Оксфорддогу Бодлиан китепканасы, Лондондогу Британиянын Улуттук китепканасы жана Улуттук архивинде иштедик. Эми биз анын баарын которуп, түптөп, толуктап басмаканага беребиз.  

Манчестерден табылган ыйык Куран китеби, ошондой эле, Оксфорддун Бодлиан китепканасынан ХІ кылымдагы перс тарыхчысы Абу Саид Абд-аль-Хайи-Гардизинин «Зайн аль-ахбар» эмгеги адистердин өзгөчө көңүлүн бурду. Эмгекте 1032-жылга чейинки перс падышалары, Мухаммед жана халифалардын, Хорасандын 1041-жылга чейинки тарыхы камтылган. Аталган кол жазманын үзүндүлөрүн Бартольд өз эмгектеринде колдонгон.

Алмат Абсалыков, Кол жазмалар жана сейрек китептер улуттук борборунун башкы серепчиси:

- Ыйык Куран Манчестерде, Джон Райлендс китепканасында сакталган. Анын өзгөчөлүгү – эң алгачкы түрк тилине которулган, Карахан хандыгы тушунда жазылган Куран. Болжол менен 10-12-кылымда түрк тилинде жазылган. Андан кийин Гардезинин китеби – Зайн аль-ахбар. Ал 11-кылымда жазылган. Жалпысынан дүйнөдө бир гана түп нуска сакталган. Биз ал китепти Бартольд аркылуу гана билебиз. Эми ал эмгекти азыртадан изилдешибиз керек. Кийинчерээк аны маалымат катары илимий жүгүртүүгө киргизип, колдонууга болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков