Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан жашыл энергия
өндүрүү жана берүү жаатында стратегиялык өнөктөштүктү түзөт. Мажилис тиешелүү
келишимди ратификациялады. Документ бул багытта үч тараптуу кызматташтыктын
туруктуу моделин түзүүгө жана кайра жанма энергия булактары жаатындагы узак
мөөнөттүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Жашыл энергияны
Европага экспорттоо үчүн Борбор Азия менен Азербайжандын энергетикалык
системаларынын өз ара байланышын камсыз кылуу пландаштырылууда. Ушул максатта,
болжол менен 1 миллион еврону түзгөн долбоордун техникалык-экономикалык
негиздемесин иштеп чыгуу колго алынды.
Ерлан Аккенженов,
энергетика министри:
– Долбоордун негизги максаты — Каспий деңизинин түбүнө
туруктуу ток куурун төшөө. Бул - Европалык биримдиктин электр рыногуна түз
чыгууга мүмкүндүк бере турган техникалык жактан татаал, бирок стратегиялык
жактан зарыл чечим. Долбоорду ишке ашыруунун активдүү кезеңинде өлкөлөрдүн үч
энергетикалык мекемеси Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык
инвестициялар банкы менен кол койгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

