Казакстандык серепчилер кулжа айынын 17де Астанада өтө турган «Борбор Азия-Кытай» экинчи саммити аймактагы өлкөлөр менен Кытайдын ортосундагы жаңы типтеги стратегиялык өнөктөштүккө негиз түзөрүн айтышууда. Байланыштын ачык үлгүсү болот. 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү рекорддук деңгээлге 95 миллиард долларга жетти. Алардын дээрлик жарымы Казакстанга туура келет. Талдоочулар «Борбор Азия-Кытай» саммити бул оң көрсөткүчкө жаңы дем бергенин белгилешет. 2023-жылы Кытай Эл Республикасында өткөн жыйын ийгиликтүү болду. Казакстан менен Кытайдын ортосунда эле 22 документке кол коюлду. Бир катар атамекендик ишкерлердин өнүмдөрү ири базарга чыкты. Өз ара инвестициялардын агымы кескин өстү. Ар кандай тармактарда биргелешкен өндүрүштөр түзүлүүдө.
Бауыржан Аукен, Президенттин алдындагы Казакстан стратегиялык институтунун Азиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн алдыңкы серепчиси:
- Жалпысынан, алдыдагы самитте көп тараптуу байланыштын эң маанилүү темалары каралат. Эң оболу кеп соода, логистика, азыркы учурда абдан актуалдуу болгон жашыл экономика, экология, ошондой эле билим берүү, илим, маданият, туризм жана башка багыттар тууралуу болмокчу. Бир катар маанилүү документтерге кол коюлат. Бул Борбор Азия регионунун өнүгүшүнө бирден-бир түрткү жана Астанада өтө турган саммит Казакстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

