Мажилис БУУ менен тынчтыкты орнотуучулар келишимин ратификациялады

Мажилис БУУ менен тынчтыкты орнотуучулар келишимин ратификациялады

Бириккен Улуттар Уюму Казакстанга Голан дөңсөөлөрүндөгү миссиясына катышкандыгы үчүн жылына 5 миллион долларга жакын компенсация берет. Бул Мажилис бүгүн ратификациялаган өлкөнүн Өкмөтү менен БУУнун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда кошумча макулдашууда каралган. Миссияга катышуу үчүн казакстандык аскер жана мүлктү берүүнүн административдик, логистикалык жана каржылык шарттарын белгилеген негизги Меморандумга тараптар өткөн жылы кол коюшкан. Бул тынчтыкты сактоо операцияларына катышкан бардык өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Келишимде Голан дөңсөлөрүндөгү ажырымга байкоо жүргүзүү боюнча БУУнун Күчтөрүнүн курамына казак аскер кызматкерлеринин катышуу шарттары аныкталган. Жалпысынан алганда,  республика миссияны уюм жапканга чейин улантууну пландаштырууда. Мекеменин маалыматына караганда, Сирия менен Израилдин чек арасындагы Голан бийиктигинде бүгүнкү күндө 139 казакстандык тынчтык орнотуучу кызмат өтөөдө. Алар өткөн жылдын жалган Куран айынан бери ошол жерде. 

Шайх-Хасан Жазыкбаев, Коргоо вице-министри: 

- Голан дөнсөөлөрүндөгү миссиянын максаттары Израил менен Сириянын ортосундагы элдешүүнү сактоо жана Израил менен Сириянын аскерлеринин бөлүнүшүн көзөмөлдөө жана байкоо салуу. Белгилей кетсек, Казакстандын аталган миссияга катышуусу үчүн БУУ жылына 5 млн долларга жакын төлөм жүргүзөт, анын ичинен 2,4 млн долларга жакыны – өздүк курамга төлөмдөр, калган 2,6 млн доллары – техниканын, курал-жарактын жана мүлктүн ижара акысы үчүн төлөмдөр. Айтор, ар бир тынчтык орнотуучу аскер кызматкери үчүн айына 1448 доллар өлчөмү бекитилген. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков