Казакстандын президенти Пакистандын Премьер-министринин жана Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын ортомчулугу менен Жакынкы Чыгышта ок атышууну толук токтотуу жана тынчтык келишимине жетишилгенин кубаттайт. Бул тууралуу Казакстандын Президентинин кеңешчиси – маалымат-катчысы Айбек Смадияров билдирди. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, келишимге АКШнын президенти Дональд Трамптын жана Ирандын жогорку жетекчилигинин, ошондой эле жаңжалга катышкан бардык өлкөлөрдүн бекем эрки жана акылмандыгы аркылуу мүмкүн болду. Мамлекет башчы дүйнөлүк сооданын өнүгүшү жана экономикалык гүлдөп-өсүшү үчүн жетишилген тынчтыктын узак мөөнөттүү болушуна үмүт артат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

