Президент – кеңешме

Президент – кеңешме

Айыл чарбасы – өзгөчө көзөмөлдө. Буга Казакстандын Президенти өлкөнүн аграрчылары менен жолугушууда басым жасады. Бул тармак мамлекет үчүн артыкчылыктуу. Буга азык-түлүк коопсуздугу да, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү өстүрүү да кирет. Касым-Жомарт Токаев өткөн жылы рекорддук түшүм жыйналганын, мындан да чоң үмүттөр бар экенин белгиледи. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү агротехнологияларды туура колдонушат, ал эми мамлекет аларга системалуу колдоо көрсөтөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Айыл чарба технологияларын колдонуу жогорку деңгээлге көтөрүлүп, түшүмдүүлүк артты. Мен мурда айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүү милдетин койгом. Бул багытта активдүү иштер жүрүп жатат, анын темпин төмөндөтүүгө эч мүмкүн эмес. Кирешелүү, жогорку маржалуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө басым жасоо менен айдоо аянттарын ар тараптандырууну улантуу керек.

Түшүмдү өз убагында жыйнап алуу гана эмес, аны сактоого да чоң көңүл буруу зарыл. Мамлекет башчысы элеваторлорду жаңылоо үчүн 2026-жылдагы бүткүл айдоо өнөктүгү сыяктуу эле, жеңилдетилген каржылоонун атайын программасын ишке киргизүү керектигин белгиледи. Мал чарбасы да унутулбайт. Жылдын аягына чейин тармакты өнүктүрүү программасы иштелип чыгат. Анда мамлекеттик колдоону узак мөөнөткө алуу каралат. Касым-Жомарт Токаев айыл чарбасына санариптештирүүнү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биз экономиканын бардык тармактарында толук санариптештирүү аркылуу гана ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыздай алабыз. Бул маселеге өз кайрылуумда кеңири токтолдум. Айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүнү тездетүү керек. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасындагы процесстерди толук көзөмөлдөө үчүн санариптик ыкмаларды колдонуу зарыл. Бул иште IT-бизнес менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюу маанилүү.

Ал ортодо казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрү топтолгон тажрыйбалары менен бөлүшүп, ийгиликтүү чечимдерди талкуулай алышат. Жетинин айында Астанада экинчи Агрофорум өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков