Казакстан аскер-аба күчтөрүнүн учуу паркын күчтөндүрдү. Испаниядан өлкөгө жаңы заманбап А-400М учагы келди. Эң алдыңкы класстагы учактардын бири өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн мобилдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Авиалайнер гуманитардык операциялардын алкагында персоналды, оор жүктөрдү, техниканы ташууга, тапшырмаларды аткарууга арналган. Анын жүк көтөрүмдүүлүгү 37 тонна, максималдуу ылдамдыгы 802 км/саат, учуу бийиктиги 12 200 м, ал эми алыстыгы 8 миң кмге чейин жетет. Мындан тышкары, аба кемеси даярдыгы жок аэродромдордон да уча алат. Биздин өлкө эки А-400М учагын сатып алды, экинчиси 2026-жылы жеткирилет. Белгилей кетсек, учуу жана техникалык курамдар авиатехниканы башкаруу жана тейлөө боюнча окуудан өткөн.
Руслан Жаксылыков, Казакстандын Коргоо министри:
- Казакстан армиясы бүгүн жаңы учак менен толукталды.
Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев армияны заманбап техника жана курал-жарак
менен жабдууну тапшырды. Биз бул багытта пландуу иштерди жүргүзүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

