Казакстандын ИДӨсүндө
курулуш тармагынын үлүшү 6%га жетет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 19
миллион чарчы метрден ашык, анын ичинде 170 миңден ашык турак жай курулган. Ал
эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикада 120дан ашык мектеп жана
бала бакча, ошондой эле 30 медициналык борбор жана поликлиника курулду.
Жалпысынан жыл башынан бери курулуш иштеринин көлөмү 18%га өстү. Мындай
маалыматтарды Өкмөттө жарыялашты, анда тармактын кызматкерлерин Мамлекет
башчысынын атынан премьер-министр кесиптик майрамы менен куттуктады. Олжас
Бектенов Президенттин тапшырмаларын аткаруунун алкагында жаңы Курулуш кодекси
иштелип чыкканын белгиледи.
Кайсар Омаров, Астана
шаарынын курулуш тармагынын ардагери:
- «Казакстандын эмгек сиңирген куруучусу» белгиси кайрадан
мамлекеттик сыйлыкка айлангандыгы үчүн мамлекет башчысына дагы бир ирет чоң
ыраазычылык билдиргим келет. Бул бизге - куруучуларга өзгөчө мамиле кылууну
билдирет. Бул жерде отурган бардык эмгекчилерге жана Казакстандын бардык
куруучуларына ден соолук жана алардын эмгек ишмердүүлүгүндө мындан аркы
ийгиликтерди каалайм.
Которгон: Назира Бегалиева

