Нидерландыда Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Амерсфорт шаарынын чет жакасындагы аскердик көрүстөнгө советтик жоокерлердин 865 мүрзөсүнө гүл коюлду. Бул жерде аскер туткундары жатат, алардын көбү узак убакыт бою аты-жөнү белгисиз болуп, тарыхы билинбей келген. Алардын арасында 100дөн ашуун казакстандык жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккандар бар. Алар бул жакка 1941-жылы тогуздун айында Чыгыш фронтунан жеткирилген.
Ремко Рейдинг, иликтөөчү журналист:
– Азыр биз аларга аттарын кайтарып жатабыз – үй-бүлөлөрүн таап, аларды
көмүлгөн жери менен байланыштырып жатабыз. Туугандары алыста жашашат жана
дайыма эле келе алышпайт, ошондуктан биз алардын ордуна гүл коюудабыз. Бул
баарыбыз үчүн маанилүү, анткени бул ар кандай муундагы, диндеги жана улуттагы
адамдарды бириктирет. Казакстандан келген жоокерлердин так саны азырынча
белгисиз, бирок алардын кеминде 20сы тастыкталды. Алардын көпчүлүгүнүн
үй-бүлөлөрү табылды.
Белгилүү болгон ысымдардын арасында – Ильша Махаметов, Адылхан Умарбеков,
Дмитрий Хмель, Владимир Ботенко бар. Издөө иштери улуттук чектен чыгып,
масштабдуу эл аралык кызматташтыкка айланды. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген
ыктыярчылар, дипломаттар жана изилдөөчүлөр дайынсыз жоголгон жоокерлердин
ысымдарын кайтарып, алардын элесин эскерүү үчүн күч бириктирүүдө.
Сюзанне Флепсе, ыктыярчылар тобунун жетекчиси:
– Мен бул жерге көмүлгөн
жоокерлердин элесин сактап калуу жана алардын туугандарын табуу абдан маанилүү
деп эсептейм. Ошондуктан мен бул долбоорго жардам берип жатам. Ар кайсы өлкөдөн
келгендер жоокердин мүрзөсүн «асырап», күбөлүк алып, чогултулган каражатка
аты-жөнүн, үй-бүлөсүн издөөнү улантабыз.
Казакстандан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген согуш туткундарынын тарыхы
– бул жөн гана аскердик жылнааманын бир бөлүгү эмес. Бул өз өмүрүн тобокелге
салып, Ата Мекенди коргогон адамдардын тагдыры. Көптөгөн ысымдар азыркыга чейин
тарых архивдеринен кайтарылып, калыбына келтирилип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

