Казакстандын борборунда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун «Анау – миң жылдыктан башат алган маданият» аттуу китебинин бет ачары болду. Ал 2024-жыл Анау шаарынын «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланышына карата жазылган. Илимий-агартуучулук эмгекте боордош өлкөдөгү 7 миң жылдык тарыхы бар байыркы шаардын өткөнү менен азыркы турмушу баяндалат. Түркмөн, англис жана орус тилдеринде жарык көргөн китеп эми казак тилине которулат.
Асхат Кесикбаев, Түрк академиясынын вице-президенти:
- Бул шаар түркмөндөр үчүн гана эмес, жалпы Борбордук Азия үчүн огуз, кыпчак цивилизациясы боюнча мааниси чоң. Ошондуктан окумуштууларыбыз үчүн абдан маанилүү. Казак-түркмөн мамилеси жыл сайын артып келе жатат. Бул байланыштар маанилүү маданий же илимий тармактар болуп саналат. Ошондуктан Түрк академиясы бул боордош өлкө менен алакага өзгөчө маани берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков