Мажилис «жашыл» энергияны өнүктүрүүгө байланыштуу мыйзамды кабыл алды

«Жашыл» экономикага өтүү – туруктуу өнүгүүнүн кепилдиги. Мажилис  альтернативдүү энергия булактарын пайдаланууну колдоо боюнча мыйзамды кабыл алды. Эми Казакстанда нетто-керектөөчүлөр, тактап айтканда, кичи жана орто бизнес, чарба кожолуктары, жеке менчик үйлөр – электр энергиясын берүү кызматтарына акы төлөөдөн бошотулат. Мыйзам алкагында “кайра жанма энергия  булактарын пайдалануу боюнча чакан объект” деген термин киргизилди. Бул концепцияга ылайык, алардын максималдуу кубаттуулугу 200 кВт чейин көбөйтүлтү. Ага чейин анын чеги эки эсе аз болгон. Бул түзөтүү кардарларга ушундай кичинекей объекттин эсебинен электр энергиясына болгон өз муктаждыктарын болушунча камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Муну менен катар, казакстандыктар жогорулатылган электр энергиясын сата алат. Өз кезегинде энергия менен камсыз кылуучу уюмдар, биринчи кезекте суу электр станцияларынан аны сатып алышы керек. Документте тараптардын өз ара типтүү келишим түзүү милдеттенмеси бекитилди. Элдин каалоолору сунушталган башка да бир катар түзөтүүлөр жактырылды.

 

Бауыржан Смагулов, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Түзөтүүлөрдө: энергия менен жабдуучу уюмдардын жалпы кубаттуулугу 10 мегаваттан ашпаган, 2023-жылдын теке айынын 1не чейин пайдаланууга берилген суу электр станциясынан электр энергиясын артыкчылык менен сатып алууну жүзөгө ашыруу; газды альтернативдүү отун катары пайдалана турган, жылуулук берүү объекттерине инвестицияларды жана ишке кошуу-жөнгө салуу иштерине багытталган генерациялаган курулмаларды жаңыртууга, реконструкциялоого жасала турган инвестициялык макулдашууларды кеңейтүү; кайра жанма энергия булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу каралган.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков