Жаңы Конституция Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүшүнүн негизи

Жаңы Конституция Казакстандын узак мөөнөттүү өнүгүшүнүн негизи

Казакстан өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган ири масштабдуу трансформациялардын босогосунда турат. Бул тууралуу Сенаттын Төрагасы Жогорку палатанын бюросунун жыйынында билдирди. Маулен Ашимбаев жаңы Конституция жарандардын, коомдук институттардын, саясий партиялардын сунуштарынын негизинде иштелип чыкканын баса белгиледи. Ошондой эле ал жаңы Баш мыйзам Казакстандын узак мөөнөттүү гүлдөп-өнүгүшүнө негиз түзөрүнө токтолду.


Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:


- Мамлекет башчы Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин демилгеси менен масштабдуу реформалар ишке ашырылууда. Алар «Күчтүү президент – таасирдүү парламент – жоопкерчиликтүү өкмөт» концепциясын ишке ашырууга багытталган модернизациялоо стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Натыйжада өлкөнүн бүтүндөй саясий системасынын эффективдүүлүгү, ачыктыгы жана таасирдүүлүгү жогорулайт. Буга байланыштуу өлкөнүн принципиалдуу жаңы Баш мыйзамынын тексти даярдалып, жарыяланды. Жаңы Конституция жарандардын, коомдук институттардын, саясий партиялардын, юристтердин сунуштарынын негизинде иштелип чыгып, комиссиянын отурумдарында ачык жана айкын мазмундуу талкуулар жүрдү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков