Таштандыларды кайра иштетүү тармагында 67 долбоор ишке ашырылууда

Таштандыларды кайра иштетүү тармагында  67 долбоор ишке ашырылууда

Таштанды чыгаруу. Казакстанда быйыл таштандылардын бардык түрүн башкаруу концепциясы иштелип чыгат. Ал баарынан мурда ушул тенденцияны борборлоштурууга, бардык кызыкдар тараптарды тартууга, циклдик экономика моделин түзүүгө багытталат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айтылды. Өткөн жылы бул ишти системалаштыруу үчүн жеңилдетилген каржылоонун атайын механизми бекитилген. Бүгүнкү күндө 94 долбоорду камтыган бассейн түзүлдү. Учурда каралган 67 демилгенин алтоо каржыланды. Алардын жалпы наркы 4 миллиард теңгени түзөт. Эми бул багытта өнөр жай жана энергетика ишканаларын колдоо жана дем берүү механизмдерин андан ары өркүндөтүү, жабдууларды модернизациялоо, алдыңкы технологияларды жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү милдети турат.

Олжас Бектенов, Казакстандын, Премьер-министри:

- Туура ыкмаларды колдонуу менен, таштандылар гана жок кылынбастан, кайра иштетилиши керек. Ошондуктан бул жаатта алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын өздөштүрүү зарыл. Ал эми бизде ушундай долбоорлор бар. Ата мекендик тоо-кен компаниялары калдыктарды кайра иштетүү жана өнүмдүн 30га жакын түрүн чыгаруу боюнча долбоорлорду баштады. Алардын арасында курулуш материалдарын жана жер семирткичтерди өндүрүү боюнча долбоорлорду жана башкаларды айта алабыз.

Которгон: Сезим Шейшеналиева