Мамлекет башчысы «БРИКС+плюс» саммитине катышты

Касым-Жомарт Токаев Казандагы БРИКС+плюс саммитинде сөз сүйлөдү. Жыйынга 36 өлкөнүн өкүлдөрү жана 6 Эл аралык уюмдун жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы биримдик Эл аралык масштабдагы глобалдык борборго айланарын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, БРИКСтин көп тараптуу аракеттери дүйнөдө теңдеши жок универсалдуу түзүм болуп саналган БУУнун ишмердүүлүгүн толуктайт. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биз Евразиянын бирдей жана бирдиктүү коопсуздугун камсыз кылуу концепциясын жогору баалайбыз. Мунун түбүндө өз ара ишеним  жана кызматташтыкты бекемдөө аркылуу геосаясий кысымды азайтуу ниети жатат. Казакстан эл аралык туруктуулукту сактоо, эгемендүүлүктү коргоо, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жана көп кырдуу мамилелерди колдонуу аркылуу глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кытайдын демилгесин колдойт. Өлкө ошондой эле Кытай менен Бразилиянын Украина боюнча тынчтык планын кубаттайт.

Казакстандын БРИКСке мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү динамикалуу өсүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылы өлкөнүн тышкы соода көлөмүнүн жарымына жетти. Касым-Жомарт Токаев соода жана инвестиция, Чыгыш технологиялары, маанилүү минералдар, азык-түлүк коопсуздугу, билим берүү жана туризмди келечектүү багыттары деп атады. Муну менен катар, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу максатында "БРИКС+плюс" алкагында ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү зарылдыгына көңүл бурду. Жыйынтыгында Президент "БРИКС+плюс" форматындагы биргелешкен аракеттер түндүк менен түштүктүн ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, Эл аралык коопсуздукту Олуттуу күчөтүүгө жана глобалдык прогресс үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков