Казакстанда 2025-жылы 19 мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында юстиция министри билдирди. Азамат Ескараевдин айтымында, алардын 12си мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашырууга багытталган, алтоо жаңы редакцияда чыгат. Башкача айтканда, базалык мамлекеттик медициналык жардамдын, телекоммуникациялардын жана маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун бирдиктүү топтому маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу каралууда. Мындан тышкары, укук бузуулардын алдын алуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү жана энергиянын альтернативдүү булактары тармагын өнүктүрүү боюнча документтер иштелип чыгат. Ошондой эле, келерки жылы мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам долбоорун жана аны коштогон мыйзам долбоорун Парламентке жөнөтүү пландаштырылууда.
Азамат Ескараев, Юстиция министри:
- Мыйзам долбоору кызмат көрсөтүү жана кардарларга багыт алуу принциптерине негизделген түпкү натыйжага багытталган. Мамлекеттик кызматтын гибриддик моделин колдонуу менен мамлекеттик маалыматты кесипкөйлөштүрүүнү камтыган моделди түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, пландын долбоорунда жыл сайын иштелип чыгуучу республикалык бюджет жана улуттук фонддон кепилденген трансферт жөнүндө мыйзам долбоорлору каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков