Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында транспорттук транзиттик жүк ташуу 44%га өсүп, 3,6 млн тоннага жетти. Анын негизги көлөмү Кытайга тиешелүү. Башкача айтканда, аталган багытта өлкө аймагы аркылуу бир жарым миллион тонна жүк өтүп, эки эсе өсүүнү көрсөткөн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Транспорт министринин орун басары Сатжан Аблалиев билдирди. Серепчилердин баамында, Кытай транзитинин үч эсеге көбөйүшү ички казынаны 263 миллиард теңгеге жакын киреше менен камсыздай алат. Бирок мекеменин маалыматына ылайык, автоунаа ташуулары деңиз аркылуу жеткирүүгө салыштырмалуу көп. Деген менен тез бузулуучу, медициналык, кымбат баалуу жана кыска мөөнөттү талап кылган товарлар көбүнчө транспорт коридорлору аркылуу ташылат. Ошондуктан, Өкмөт деңиз жүктөрүн автоунаа транспортуна алмаштыруу боюнча төмөнкү чараларды сунуштоодо. Буга байланыштуу биринчи кезекте кампалардын санын көбөйтүү, республикадагы бекеттердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу, ички автопаркты кеңейтүү, уруксат берүүчү документтерди берүүнүн эффективдүү системасын киргизүү каралган. Мындан тышкары, жүк ташуу менен байланышкан бардык маалыматтык системаларды бириктирүү жана инвесторлорду тартуу механизмдерин жөнөкөйлөштүрүү көздөлүүдө.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Автоунаа
транспорту менен жук ташууларды мындан ары өнүктүрүү максатында төмөнкү
маселелерге көңүл бургум келет. Жергиликтүү аткаруу органдары тейлөө объекттерин
куруу үчүн бизнес субъекттерине жер участокторун берүүгө байланышкан
жол-жоболорду созбой, 2 айлык мөөнөттө жүргүзүүгө тийиш. Транспорт министрлиги
ата мекендик компаниялар үчүн чет өлкөлүк уруксат бланктарын бөлүштүрүүнүн
натыйжалуу механизмин иштеп чыгып, ченемдик укуктук актыларга тиешелүү
өзгөртүүлөрдү киргизүүсү керек. Акимчиликтер жол боюндагы тейлөө объекттерин
Улуттук стандартка шайкеш келтирүү боюнча өздөрүнүн жол карталарын иштеп
чыгуусу кажет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков