Мындай тапшырманы Касым-Жомарт Токаев өкмөткө берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Ошол эле учурда Казакстандын компетенттүү органдары түрк тарап менен биргеликте жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга кошумча жардам көрсөтүү маселесин карап жатат. Белгилей кетсек, казакстандык куткаруучулар жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда ыкчам издөө-куткаруу иштерин улантып, урандылардын арасынан ыкчам издөө иштерин жүргүзүү үчүн бардык чараларды көрүүдө.
Ибрагим Күлшимбаев, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи вице-министри:
- Газиантеп шаарынын Ататүрк көчөсүндө топту экиге бөлүп, 2 объекттин үстүндө иштеп жатабыз. Бул куткаруу иштерин, үйлөрдүн баарын карап, алардын арасында камалып калгандар барбы же курмандыктар болсо, аларды алып чыгуу биздин милдетибиз. 30 адамдан турган бир топ бир имаратта, дагы 10 адамдан турган топ башка обьектиде куткаруучулар менен биргеликте иш алып барышууда.
Буга кошумча казакстандык куткаруучулардын экинчи тобу Түркияга учуп кетишти. Алар Газиантеп шаарындагы издөө-куткаруу иштерине катышат. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашынча экинчи эшелондун курамында 60 кызматкер, анын ичинде куткаруучулар, медициналык көмөк көрсөтүү борборунун дарыгерлери, кинологдор бар. Ыкчам чара көрүү күчтөрү 150гө жакын авариялык-куткаруу техникасы жана 160тан ашык дары-дармек менен камсыздалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков