КМШ өлкөлөрү санариптик трансформацияны өркүндөтүү жана жасалма интеллектти киргизүү жаатында кызматташууну кеңейтүүдө. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында буга негиз болгон бир катар документтерге кол коюлду. Алардын арасында 2026-2035-жылдарга илимий-технологиялык өнүктүрүү стратегиясы, 2035-жылга чейин маалыматтык коомду жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча кызматташуу жана негизги мультимодальдык транспорт коридорлорун санариптештирүү. Жыйында сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри өлкө санарип өнүмдөрүн экспорттоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Казакстан бул жаатта өзүнүн тажрыйбасын чет элдик өнөктөштөрү менен кеңири бөлүшүүдө. Олжас Бектенов белгилегендей, КМШ кызматташуу жана биргелешкен өз ара пайдалуу чечимдер үчүн ишенимдүү аянтча бойдон калууда. Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ИДӨнүн жалпы көлөмү жыл сайын орто эсеп менен 4,5% өсүүдө. Акыркы беш жылда ички соода 40% өстү. Өткөн жылы өлкөнүн КМШ мамлекеттери менен жалпы соода жүгүртүүсү 37 миллиард долларга жеткен. Кеңештин кезектеги жыйыны 2026-жылдын биринчи жарымында Түркмөнстандын борборунда өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

