Жаңы
Конституциянын долбоорунда «Мыйзам
жана тартип»
принцибине басым жасалган. Бул тууралуу Мажилис депутаты Абзал Куспан билдирди.
Тартип сакталып, мыйзам аткарылган өлкөнүн экономикасы алдыга жылат. Анын
айтымында, бул демилге өлкөнүн эртеңки келечегинин жаркын болушуна өбөлгө
түзөт. Себеби, мыйзам үстөмдүк кылган мамлекетте ишкерлер менен инвесторлор өз
капиталынын коопсуздугуна ишенимдүү. Бул жаңы жумуш орундарынын ачылышына,
элдин жыргалчылыгын арттырууга мүмкүнчүлүк берет.
Абзал
Куспан, Парламент мажилисинин депутаты:
– Мыйзам
жана тартип ар бир жаран үчүн маанилүү. Мисалы, ишкер менен ишкер келишим
түзөт. Ошол келишимдин талаптарын аткарып, жумуш берүүчү менен жумушчу
эмгек келишимин түзүп,
ошол келишимди катуу сактаса. Ушундай өлкөлөр өсөт, өнүгөт. Өлкөдө экономика өнүгөт. Мыдай өлкөлөрдө, тартип
сакталган, мыйзам аткарылган өлкөлөргө ар бир жаран өз урпагын өстүрүп,
түптөгүсү келет.
Укуктук өзгөрүүлөр өлкөнүн санариптик мамлекетке
айланышына оң таасирин тийгизет. Бул максатка IT-кадрларды даярдоо менен катар,
мамлекеттик башкаруу системасына азыркы заманбап технологияларды киргизүү
зарыл. Мындай пикирди Мажилис депутаты Екатерина Смышляева билдирди. Анын
айтымында, ата мекендик рынокко конкреттүү тармактарда IT-көндүмдөрү бар
адистер керек, өлкөгө - саламаттыкты сактоо, билим берүү, салык системасы жана
транспорт тармагынын санариптик трансформациясы зарыл. Спикердин айтымында, буга
жаңы Конституция оң таасирин тийгизет. Илимди өнүктүрүү, билимди колдоо, кадр
даярдоо башкы багытка айланат. Ал эми бул республика экономикасынын андан ары
өсүшүнө негиз болмокчу.
Екатерина Смышляева, Парламент мажилисинин депутаты:
- Биз ушул багытта өнүгүп келе жатабыз. Өлкөбүз жалпы
дүйнөлүк санарип технологиялар өнүгүүсүнүн революциялык-эволюциялык процессине
активдүү катышып келе жатат, башкача айтканда, биз жалпы өзгөрүүдөн обочолонуп
калган жокпуз. Санарип дүйнөдө обочолонуунун өзү өтө татаал кубулуш, ошондуктан
биз заман талабына ылайык, колдонуучулардын суроо-талаптарына ылайык жооп
беришибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

