Казакстан Арменияга экспорт көлөмүн 350 млн долларга жеткирүүгө даяр

Казакстан менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Ереванга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчысы Армениянын премьер-министри менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев Армения Казакстандын Түштүк Кавказдагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү экенин баса белгиледи. Кызматташтык боюнча айта турган болсок, аны арттырууга мамлекеттерде чоң дарамет бар. Атап айтканда, соода-экономика, инвестиция, транспорт жана логистика тармактарында. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Биз соода жүгүртүүнүн өсүшүнө түрткү бере турган жаңы багыттарды издөө керек деген бир пикирге келдик. Экспорттук-импорттук товарлардын номенклатурасын кеңейтүү боюнча так чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү болушунча натыйжалуу пайдалануу керек. Казакстан Арменияга экспорттун көлөмүн 350 миллион долларга жеткирүүгө даяр. 

Касым-Жомарт Токаев бизнес-миссиялары аркылуу байланыштарды активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Казакстан Армениянын Түштүк Кавказдагы транзиттик байланышты калыбына келтирүүгө даярдыгын жогору баалайт. Тараптар түз аба каттамдарын ачууну көздөп жатат. Ошол эле учурда, жаңы авиакомпаниялар Астана менен Ереванды гана эмес, башка шаарларды да байланыштырат. Эки өлкө ортосунда экономикалык өнөктөштүктөн башка багыттарда да кызматташтык орногон. Казакстан менен Армения көп тараптуу структуралардын алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенип келет. Тараптар тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо процесстеринде кызматташууну улантууга макулдашты. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Биз Армения менен Азербайжандын тынчтык келишимин түзүүгө умтулуусун толук кубаттайбыз. Урматтуу Премьер-министр жаңы эле белгилегендей, Казакстан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана жакшы ниет миссиясын аткарууга даяр. Биздин негизги максатыбыз – биздин дос өлкөлөрүбүздү жакындаштырып, аймактагы бекем тынчтыкка, жакшы коңшулукка жана туруктуулукка жол ачуу. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле, бир катар документке кол койду. Анын ичинде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы жакынкы 2 жылга соода-экономикалык кызматташуунун жол картасы бар. Маданий байланыштарга келсек, быйылкы жылы Казакстанда Армениянын маданият күндөрү өтөт, ал эми келерки жылы Армениянын жашоочулары казак акындарынын, окумуштууларынын жана композиторлорунун жетишкендиктери менен тааныша алат. Ошондой эле, Ереванда улуу ойчул Абайдын, ал эми Астанада армян алфавитинин негиздөөчүсү Месроп Маштоцтун ысымы ыйгарылган көчө пайда болот.