Энергетика тармагына 2024-жылы 327 млрд теңге инвестиция тартылат

Энергетика тармагына 2024-жылы 327 млрд теңге инвестиция тартылат

Жай айларында күчөтүлгөн режимде иштөө керек. Мындай тапшырманы Олжас Бектенов алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыкка байланыштуу өткөн өкмөт жыйынында берди. Премьер-министр өлкөдөгү бардык жылуулук булактарын отун менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул маселеге Өнөр жай жана энергетика министрлиги жооптуу. Өкмөт башчысы тармакты өнүктүрүү үчүн капитал тартуу жагын да көңүл сыртында калтырбоо керектигин кошумчалады. Ошентип, жылытуу объекттерин оңдоого жана жаңыртууга  327 миллиард теңге инвестиция салуу көздөлүп жатат. Президенттин тапшырмасына ылайык, республика боюнча 19 жылуулук борборун модернизациялоону аяктоо зарыл. Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы кадр жетишсиздигин жоюуну тапшырды.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын премьер-министри:

- Эмгек, илим жана окуу-агартуу министрликтери бул тармактагы эмгек рыногунун учурдагы абалын толук талдап, зарыл болгон учурда тиешелүү адистиктерге гранттардын санын көбөйтүүсү керек. Окуу жайлары жогорку квалификациялуу инженерлерди, энергетиктерди, гидротехниктерди, энергоаудиторлорду, электриктерди жана башка да адистерди даярдап чыгарууга тийиш. Ошондой эле, улуу муундагы кадрлардын билимин жана окуу тажрыйбасын жаштарга берүү маселесин камсыз кылуу зарыл.

Казакстанда быйыл жалпы эгин талаасы 23,8 млн гектарды түзөт

Өкмөт жазгы айдап-себүү иштерин да көз жаздымда калтырбайт. Бул максатта тармакка 140 миллиард теңге бөлүндү. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, массалык айдоо өнөктүгү бугу айынын экинчи жарымында башталат. Божомолдор боюнча быйылкы жылы айдоо аянты 24 миллион гектарга жакын болот.

Айдарбек Сапаров, Айыл чарба министри:

- Буудай айдоо аянты өткөн жылга салыштырмалуу 426 миң гектарга кыскарып, 13,3 миллион гектарды түзөт. Муну менен катар, май өсүмдүктөрүнүн аянтын 373 миң гектарга жана тоют өсүмдүктөрүн 66 миң гектарга көбөйтүү пландалууда. Тапшырманын алкагында сууну көп талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлүп, пахта аянттарын 16 миң гектарга, күрүчтү 12 миң гектарга кыскартуу болжолдонууда. Бүгүнкү күндө өлкөнүн айрым аймактарында айдап-себүү иштери жүргүзүлүп, 1,5 миллион гектар эгилди.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков