Былтыр Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 6 миллиард долларга жеткен. Бирок, бул чек эмес. Келечекте эки тараптуу сооданын көлөмү 10 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын Улуттук мажилисинин төрагасы Нуман Куртулмуштун жолугушуусунда Казакстан менен Түркиянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды. Тараптар Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын тереңдетүү, ошондой эле башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты. Мамлекет башчысы парламенттик дипломатиянын дараметин жогору баалады. Өз кезегинде Нуман Куртулмуш өлкөлөр ортосундагы соода, өнөр жай, энергетика жана айыл чарба тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев түрк спортчулары үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жигердүү катышаарына ишеним билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
– Бүгүнкү жолугушуу достук жана кызматташтык келишиминин 30 жылдыгынын алдында өтүп жатат. Бул символикалык мааниге ээ. Жакында кесиптешим Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Биз дайыма байланыштабыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы диалог абдан жемиштүү өнүгүп жатат. Түркия Казакстандагы беш ири соода өнөктөштүн жана он ири инвестордун бири.
Нуман Куртулмуш, Түркия Улуттук Мажилисинин төрагасы:
– Казакстан биздин ата-бабаларыбыздын жери. Ошондой эле бүткүл түрк дүйнөсүн бириктирген руханий насаатчы Кожа Ахмет Яссауинин кичи мекени. Эртең Түркестандагы ыйык жерлерди зыярат кылып, Кожа Ахмет Яссауи атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде конференция өткөрөбүз. Казакстан сиздин жетекчилигиңиз менен өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштап, натыйжалуу саясий, экономикалык жана социалдык реформалар жүргүзүлүп жатат. Мунун баары өлкөңүздүн гүлдөп-өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенем. Түркия менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык мындан ары да чыңдала берерине шегим жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков