Казакстанда унаа ээлерине эскертүү берүү үчүн жаңы
кызмат пайда болду. Ал жол коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле паркинг
боюнча маселелерди чечүүдө айдоочулар үчүн жардам куралы болмокчу. Бул
унаалардын өтмөктөрдү тосуу же терезелерин ачык калтыруу учурларына тиешелүү.
Мындай учурларда, транспорт ээлери анонимдүү билдирүү алышат. Бул тууралуу
өкмөттүн жыйынында тармактык мекеменин башчысы Жаслан Мадиев билдирди.
Министрдин айтымында, өлкөдөгү мамлекеттик кызматтардын 92% онлайн режиминде
жеткиликтүү. Мындан тышкары, республикада санариптик кызмат көрсөтүүлөр
бизнестин муктаждыктарына ылайыкташтырылууда. Ошентип, eGov Business аркылуу
компанияны каттоого, салык календарын текшерүүгө, сертификаттарды алууга же
арплыктан документтерге кол коюуга болот.
Жаслан Мадиев, санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөржай
министри:
- Тобокелдиктерди башкаруунун орнотулган системасы бар - ал маалыматтарды
талдайт жана ишкерлерге мүмкүн болуучу текшерүүлөр тууралуу алдын ала эскертет.
«Милдеттүү талаптардын реестри» модулу да бар, анда бардык ченемдик документтер
жана иш-аракеттердин конкреттүү түрлөрү боюнча эрежелер топтолгон. Бул мыйзам
бузуу коркунучун азайтып, бизнестин укуктук сабаттуулугун жогорулатат. Пландар
жаңы кызматтарды ишке киргизүүнү камтыйт: дараметтүү кардарларды издөө,
рыноктук аналитика, суроо-талапка мониторинг жүргүзүү жана ишканаларды жабуу.
Мунун баары ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү.
Ага карабастан мамлекеттик кызматтарды
санариптештирүүнү тездетүү зарыл. Мындай тапшырманы премьер-министр берди.
Олжас Бектеновдун айтымында, бул аймак мамлекет менен калктын өз ара
аракеттенүүсүнүн маанилүү пункту болуп саналат. Ошондуктан, казакстандыктар
үчүн санариптик жардамчысынын инфраструктурасы – eGov Mobile – 24/7 кынтыксыз
иштеши керек. Министрлер кабинетинин башчысы маалыматтарды коргоого жана
санариптик коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын
Премьер-министри:
- Жылдын аягына чейин мамлекеттик
органдарга бардык маалыматтык системаларды жеке маалыматтарга жетүүнү
көзөмөлдөө кызматына кошууну аяктоону тапшырам. Санариптештирүү министрлиги
кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте жеке маалыматтар менен иштеген
адистердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча туруктуу негизде иш алып барышы
керек. Бул жаатта мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөтүү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

