Казакстан бейпилдик күчтөрүнүн экинчи ротасы Голан дөңсөөлөрүнө 2025-жылдын жалган куран айында барат. Анда алар ата мекендик аскер кызматчыларынын биринчи тобун алмаштырышат. Белгилей кетсек, жакында эле казакстандык тынчтык контингентинин 1-ротасы Израил менен Сириянын ортосундагы талаштуу аймакта турганына 100 күн болгонун белгиледи. Бүгүнкү күндө мында 139 адам эмгектенет. Анын курамына штабдын офицерлери, атайын бөлүмдөрдүн аскер кызматкерлери, байкоочулар, дарыгерлер кирет. Тынчтыкты коргоочулар каршы тараптардын ортосунда ок атышпоо режимин сактоо милдетин аткарышат.
Сухраб Аппазов, казакстандык тынчтык контингентинин комнадиринин орун басары:
– Миссия башчысынын резервдик ротасы болуу менен биздин тынчтыкты коргоочулар төмөнкү милдеттерди аткарышат. Бул - патрулдук кылуу, аскердик блокпостторду бекемдөө болуп саналат. Ошондой эле БУУнун аскер кызматкерлерин эвакуациялоо, жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу, медициналык жардам көрсөтүү жана тынчтык орнотуучу базаны коргоо. Миссия мандатына ылайык коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн бардык зарыл болгон буюмдар жана башка жабдуулар ошондой эле мүлктөр менен камсыз кылынат.
Голан дөңсөөлөрүндөгү казак аскерлеринин арасында кыздар да бар. БУУнун талабы боюнча алар каалаган өлкөнүн тынчтык орнотуу миссияларына катышат.
Динара Жауарова, казакстандык тынчтык контингентинин медициналык пунктун медайымы:
– Жок, аялдар үчүн кызмат кылуу кыйын эмес. Анткени моралдык-психологиялык жактан даяр болдук. Муну менен катар биз бүтүрүүчүлөр үчүн даярдыктан өтүп, бул жерде практикалык түрдө аткарып жатабыз. Бул менин тынчтыкты сактоо миссиясына биринчи жолу барышым. Ал эми биринчи согуштук тажрыйба алуум десем болот.
Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгыш дүйнө картасында казакстандык бейпилдик күчтөрү кызмат өтөгөн жалгыз чекит эмес. Учурда аскер кызматкерлери Ливан, Батыш Сахара, Борбордук Африка Республикасы жана Конго Демократиялык Республикасындагы миссияларга катышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков