Жаңы
Конституция демократиялык институттарды бекемдөөгө, глобалдык өзгөрүүлөр
шартында мамлекеттик системанын туруктуулугун жогорулатууга жана жарандардын
саясий турмушка катышуусун кеңейтүүгө багытталган Казакстандын өнүгүүсүнүн узак
мөөнөттүү багыттарын түзөт. Ошону менен бирге, политологдор белгилегендей,
билим берүүгө, илимге жана инновацияларга маанилүү роль берилет. Изилдөө
чөйрөсүн өнүктүрүү жана жаш окумуштууларды колдоо мамлекеттик артыкчылык болуп калат. Серепчилердин жана депутаттардын
пикиринде, бул билим берүү долбоорлорун өнүктүрүү, илимий гранттарды колдоо
жана билим экономикасына кадрларды даярдоо үчүн туруктуу шарттарды түзөт. Бул
жаңылыктар өлкөнүн Баш мыйзамында
жазылгандыктан, келечекте бул багытка жаңы программалар дагы дал келиши керек.
Жулдызай Искакова,
Казакстандык коомдук өнүгүү институту башкармалыгынын төрайымы жана Конституциялык
реформа боюнча комиссиянын мүчөсү:
– Конституциянын 3-беренесинде билим берүү, адамдык
капиталды өнүктүрүү, илим жана инновациялар мамлекеттин өнүгүүсүнүн
стратегиялык артыкчылыгы
болуп саналат деп белгиленген. Бул стратегиялык артыкчылык
деңгээлине көтөрүлгөндө, каржылоо кыскарбайт дегенди билдирет. Тескерисинче,
көбөйтүү болот жана ар бир изилдөөчү үчүн ишенимдүү кепилдик. Дүйнөдөгү бир
дагы өлкө мындай бекитүүгө жол бере албайт. Биз бул жагынан алдыңкы саптабыз, изилдөөчүлөр менен
келечекте илимге барууну пландагандарды
жакшы жана ишенимдүү коргоо болуп саналат.
Документте
жаштарга да өзгөчө көңүл бурулган - дал ушул муун өлкөнүн интеллектуалдык дараметин калыптандырып, келечекте
анын технологиялык өнүгүүсүн камсыз кылууга тийиш. Серепчилер белгилегендей, бул
принциптердин конституциялык деңгээлде бекитилиши мамлекеттин билимге,
инновацияга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө узак мөөнөттүү басым жасап
жатканынан кабар берет.
Айдос
Сарым, парламент
мажилисинин депутаты:
–
Мамлекеттин конституциясы, шарттуу түрдө айтканда, өлкөнүн паспорту сыяктуу.
Анда тарыхыбызга, бүгүнкү күнгө байланыштуу көптөгөн нюанстарды камтыйбыз,
бирок ошол эле учурда келечекке да басым жасайбыз. Негизги атаандаштык бүгүнкү
күндө санариптик чөйрөдө, билим берүү тармагында, инновацияларда болорун көрүп
турабыз. Балдарыбыз, жаштарыбыз билимге, инновацияга умтулган, өмүр бою окууга
даяр болушун каалайбыз. Бул азыркы замандын талабы жана Конституция бул
принциптерди мамлекеттик, стратегиялык артыкчылыктардын деңгээлинде жарыялайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

