Астанада жүрөк
ооруларын дарылоонун алдыңкы ыкмалары жана жаңы технологиялары тааныштырылды.
Борбор калаада Борбордук Азия Аритмология саммитинде Казакстан, Түркия,
Австрия, Корея, Кытай, Польша, Азербайжан, Германия, БАЭ, Орусия, Беларусь,
Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн дарыгерлери чогулушту. Алар эки күн бою
тармактын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Мекендеш адистер жүрөкчөлөрдүн
фибрилляциясын киргизүү тажрыйбасы жана катетердик дарылоонун жаңы ыкмалары
менен бөлүшүштү. Ошондой эле казакстандык дарыгерлер 2 камералуу
кардиостимуляторлорду имплантациялоодогу инновацияны тааныштырышты. Жүрөктүн
кагышын жөнгө салуучу аппаратты орнотуу КМШ аймагында биринчи жолу өлкөдө колго
алынганын айта кетүү керек. Жаңы стимулятор зымсыз иштейт, эки батареясы бар.
Адам организмине зыяндуу нур чачпайт. Эң башкысы, бейтап кайсы жерде жүрбөсүн,
дарыгердин көзөмөлүндө болот. Адистердин айтымында, бул аппарат менен бейтап
кеминде 8 жыл жүрөт. Кийин аны кайра алмаштырууга мүмкүнчүлүк бар. Жүрөк
аппаратын дарыгерлер өткөн аптада биринчи жолу бир нече адамга орнотууга
жетишти.
Аян Абдырахманов,
Улуттук тез жардам медицинасын координациялоо борборунун жүрөк ыргагы
борборунун жетекчиси:
- Ар бир аппараттын
ичинде жасалма интеллект бар. Алардын ичинде алгоритмдер бар, ошол алгоритмдер
боюнча жүрөк сокпой калган кезде алар импульс берет. Өздөрү ошону тааныйт.
Жүрөктүн катуу согуп кете турган аритмия болгон кезде, ал жүрөккө шок берип,
анын согушун калыбына келтирет. Дефибриллятор деп айтабыз. Ал адамдын күтүүсүз
каза болушуна арналган аппараттар. Компьютер, смартфон аркылуу аритмиясын
байкап турабыз. Ошого байланыштуу коррекция жасай алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

