Бүгүн мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Хива шаарында бейформал жолугушуусу
өтөт. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда мамлекет
башчылары эки тараптуу мамилелердин масштабдуу маселелерин, ошондой эле, аймактык
күн тартибин талкуулайт деп мерчемделип жатат.