Air Astana авиа паркы 50 Airbus жана 15 Boeing учактары менен толукталмакчы. Алар 2036-жылга чейин өлкөгө жеткирилет. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси президенттин кабыл алуусунда билдирди. Ибрагим Жанлыел Касым-Жомарт Токаевга жаңы багыттардын санын көбөйтүү, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү, ошондой эле учуулардын жыштыгын жогорулатуу боюнча пландарын тааныштырды. Документ Казакстандын аймактык авиациялык хаб катары ордун бекемдөөгө багытталган. Мамлекет башчысы бул стратегиялык максаттарды натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

