Астана акими президентке социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу маалымат берди

Астана акими президентке социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу маалымат берди

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн борборуна тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 1,6 триллион теңгени түздү. Астана акими Касым-Жомарт Токаевге борбор калаанын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Жеңис Касымбек Президентке жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу да баяндады. Өткөн жылдын күзүндө «Түштүк-Чыгыш» газ жылытуу станциясы, «Туран» газ жылытуу станциясынын биринчи фазасы жана үчүнчү ЖЭБдин ишке киришинин натыйжасында шаар боюнча жылуулук ашыгы менен берилип жатат. Бул объекттердин кубаттуулугу саатына 1140 гигакалорияны түзөт. Быйыл бул багыттагы иштер улантылып, «Тельман» станциясынын биринчи фазасы жана «Туран» станциясынын экинчи фазасы, үчүнчү ЖЭБдин көмүр менен жылыта турган бөлүгү ишке кошулат. Президент борбор калааны мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков