Казакстанда аэромобилдүү такси кызматы пайда болушу мүмкүн

Казакстанда аэромобилдүү такси кызматы пайда болушу мүмкүн

Казакстанда 2026-жылы аэромобилдик такси кызматы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттө айтылды. Түштүк Корея менен АКШнын бул технологиясына ата мекендик компания кызыгуучулук тааныткан. Суутек менен иштеген кичинекей тик учак 5 кишиге ылайыкталган. Пилоттук долбоордун алкагында аталган унаалар Алматы аэропортунан Алатау шаарына чейин каттайт деп болжолдонууда. Жалпысынан Казакстан учкучсуз транспорт тармагында ушул түрдөгү эл аралык тажрыйбаны киргизүүнү көздөп жатат. Бул үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып, пилоттук долбоорлорду ишке киргизүү үчүн сыноо аянтчалары тандалып алынат. Өлкө рыногуна бул багытта глобалдык оюнчулардын тартылышына байланыштуу бир нече этапта тиешелүү шарттарды түзүү пландаштырылууда. Тармактын адистери бул Казакстанга бир катар стратегиялык артыкчылыктарды алып келет деп ишенишет.

Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:

- Эл аралык компанияларды жана инвестицияларды тартуу. Waymo, Google, Tesla, Baidu, Mobileye, Yandex, Huawei сыяктуу компаниялар дрондорду сыноо үчүн ийкемдүү жөнгө салуучу өлкөлөрдү активдүү издейт. Автономдуу унааларга арналган изилдөөлөргө, инфраструктурага жана компоненттер өндүрүшүнө чет элдик инвестициялардын агымы. Бул учкучсуз технологиялар тармагындагы жергиликтүү стартаптардын өсүшүнө түрткү берет. Аталган демилгелерди ишке ашыруунун натыйжасында Казакстан аймактык технологиялык хаб макамын бекемдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков