Кичинекей казакстандыктар өлкөнүн шаарларынын тарыхый эстеликтерин жана кооз жерлерин көрө алышат. Бүгүн «Туулган жерге саякат» аттуу балдардын экскурсиялык поезди жаны сапарга аттанды. 2016-жылдан бери өлкөдө жаштарды айыл турмушуна тааныткан билим берүү долбоору ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө 2300ден ашык жаштар туристтик темир жол объектиси менен саякатка чыгышып, тууган жердин кереметтеринен ырахат алууга жетишкен.
Диас Бейсенбек, социалдык долбоорлорду өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынын башчысы:
– Балдар Астана, Бурабай, Алматы, Тараз, Түркестан жана Байконур шаарларындагы белгилүү маданий-тарыхый жерлерге барышат. Белгилей кетсек, быйылкы селден жабыркаган аймактардагы балдарга артыкчылык берилди. Ошентип, долбоорго аталган аймактарда жашаган көп балалуу, аз камсыз болгон же толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары кирет. Тизмелер облустук акимчиликтер тарабынан аныкталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков