Казакстан эми супер-президенттик системадан күчтүү парламенттик системага өтөт. Бул тууралуу элге кайрылуусунда «Саясий системаны модернизациялоонун комплекстүү программасын» сунуштаган Касым-Жомарт Токаев билдирди. Эми мыйзам боюнча президенттин жакын туугандарына саясий кызматтарды жана квазимамлекеттик сектордо жетекчилик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат. «Мамлекет башчысы бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн кол тийгис кепили болушу керек», - экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал парламентте боло турган өзгөрүүлөр менен тааныштырды. Мажилиске мыйзамдарды кабыл алуу компетенттүүлүгү берилет. Ал эми Сенат мыйзам долбоорлорун гана жактырат же четке кагат. Парламенттин төмөнкү палатасы өлкөнүн бүтүндөй шайлоо ландшафтын чагылдырышы керек, деди президент.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Мажилистеги Казакстан эли Ассамблеясынын квотасын кыскартабыз. Менимче, бул саясий да, мыйзамдуу да жагынан туура. Бул квота Сенатка берилет жана 9дан 5 депутатка чейин кыскарат. Ошого байланыштуу, Мажилистеги депутаттык орундун жалпы саны кыскарат.
Муну менен катар, Казакстандын партиялык системасында да масштабдуу өзгөрүүлөр болот. Мындан ары саясий партияларды каттоо процедуралары жөнөкөйлөтүлөт. Каттоо чеги төрт эсеге, тагырагы 20 миңден 5 миң адамга чейин кыскарат. Буга чейин бул чек төрт эсе көп болчу. Демилгелүү топтордун саны 1000ден 700гө чейин кыскарат. Аймактык бөлүмдөрдүн саны 200 адамга чейин азайтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков